# 9-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн координаторунун функциялары

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 9-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-9

---

Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн координаторунун функцияларына төмөнкүлөр кирет:

1) арыз ээсинин, алуучунун, адвокаттын жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун башка субъекттеринин ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;

2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү жөнүндө арызды кароо;

3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокатты дайындоо жөнүндө чечим кабып алуу;

4) алуучунун кирешесинин деңгээлин ырастоо үчүн маалымат топтоо;

5) адвокатты алмаштыруу жөнүндө, квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу же токтотуу жөнүндө жүйөлөнгөн чечимди кабыл алуу;

6) жер-жерлерде адвокаттардын кезметчилик графигин түзүү жана жүргүзүү;

7) белгиленген тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын ишине мониторинг жүргүзүү;

8) берилген жардамдын адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүсүнүн сапат стандарттарына шайкеш келишин текшерүү;

9) адвокаттык досьени, регистрди кабыл алуу, сактоо;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипке ылайык адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн акы төлөө жөнүндө же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу;

11) консультациялык-укуктук жардам берүү;

12) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функциялар.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-10)
