# 8-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестри

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 8-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-8

---

1. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрин (мындан ары - реестр) жүргүзөт.

2. Реестр кагаз жана электрондук формаларда түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органдын жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн расмий сайтында жайгаштырылат.

3. Реестрге киргизүү үчүн адвокат жеке өзү же болбосо Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы аркылуу ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө арыз берет.

4. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттарды тандоо тартиби жана критерийлери Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-9)
