# 4-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын тутуму жана түрлөрү

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412#diff=34944..41972>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 4-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-4

---

1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутуму - мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана адамдар тарабынан мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын ушул Мыйзамга ылайык берилишин жана көрсөтүлүшүн уюштуруу тутуму.

Алардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам, медиациялык жардам түрүндө көрсөтүлөт.

3. Консультациялык-укуктук жардам - Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, укуктарды соттук жана соттон тышкаркы тартипте ишке ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымдоо; укуктук маселелер боюнча консультацияларды берүү; укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардамдашуу; адамдын квалификациялуу юридикалык жардамга жетүүсүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү; квалификациялуу юридикалык жардам аныктамасына туура келбей турган жардамдардын башка формалары;

Консультациялык-укуктук жардам алууга Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындар укуктуу.

4. Квалификациялуу юридикалык жардам - ушул Мыйзамда белгиленген учурларда сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарында мамлекеттин эсебинен кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер боюнча жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын билдирүү жана/же коргоо боюнча адвокаттын кесиптик иши.

5. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында медиациялык жардам көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-5)
