4-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын тутуму жана түрлөрү
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 1-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутуму - мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана адамдар тарабынан мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын ушул Мыйзамга ылайык берилишин жана көрсөтүлүшүн уюштуруу тутуму.
Алардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам, медиациялык жардам түрүндө көрсөтүлөт.
3. Консультациялык-укуктук жардам - Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, укуктарды соттук жана соттон тышкаркы тартипте ишке ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымдоо; укуктук маселелер боюнча консультацияларды берүү; укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардамдашуу; адамдын квалификациялуу юридикалык жардамга жетүүсүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү; квалификациялуу юридикалык жардам аныктамасына туура келбей турган жардамдардын башка формалары;
Консультациялык-укуктук жардам алууга Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындар укуктуу.
4. Квалификациялуу юридикалык жардам - ушул Мыйзамда белгиленген учурларда сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарында мамлекеттин эсебинен кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер боюнча жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын билдирүү жана/же коргоо боюнча адвокаттын кесиптик иши.
5. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында медиациялык жардам көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
14.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тутуму - мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, кошулду: Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана адамдар … жардам консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык кошулду: жардам, медиациялык жардам түрүндө көрсөтүлөт. 3. Консультациялык-укуктук жардам - Кыргыз … билдирүү жана/же коргоо боюнча адвокаттын кесиптик иши. кошулду: 5. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында медиациялык жардам көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 594 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартибин жана…Постановление · 20.12.2018 · № 594 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112412/st-4" title="4-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>