# 301-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412#diff=1292526..3556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-301.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 301-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-301

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын сапатын камсыз кылуу үчүн консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзөт, баалайт.

2. Консультациялык-укуктук жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тартиби ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

3. Квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен биргеликте иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-30)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-31)
