# 30-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү менен байланышкан чыгымдарды кайтаруунун жана ордун толтуруунун тартиби

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 30-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-30

---

1. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн негиз боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү токтотулган учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү менен байланышкан бардык чыгымдар алуучудан өндүрүп алынат.

2. Адам адвокат көрсөткөн квалификациялуу юридикалык жардам менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруудан баш тарткан учурда мамлекеттик чыгымдарды соттук тартипте алуучудан өндүрүп алуу үчүн координатор прокурорго тиешелүү өтүнмөнү жиберет.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-29)  
Кийинки берене: [301-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-301)
