# 29-берене. Мамлекет кепилдеген квалификациялуу юридикалык жардам тутумун каржылоо

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 29-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-29

---

1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумун каржылоо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

Квалификациялуу юридикалык жардамды каржылоо мамлекеттик бюджетте өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын тарифин жана төлөө тартибин бекитет.

3. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн акы төлөө ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржыланышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-30)
