# 27-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412#diff=1292526..3556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 27-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-27

---

1. Кылмыш-жаза иштери боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн арыз берүүчүнүн кирешесинин өлчөмү ушул Мыйзамда белгиленген кирешенин деңгээлинен ашса;

2) адам ушул Мыйзамдын 13-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын категориясына ылайык келбесе;

3) макулдашуу боюнча адвокаты бар болсо.

2. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуунун негиздери:

1) квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн арыз берүүчүнүн кирешесинин ушул Мыйзамда белгиленген деңгээлинен ашса;

2) адам ушул Мыйзамдын 131-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын категориясына ылайык келбесе;

3) макулдашуу боюнча адвокаты бар болсо.

3. Жарандык жана административдик иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) адам ушул Мыйзамдын 14 жана 15-беренелеринде көрсөтүлгөн адамдардын категориясына ылайык келбесе;

2) адам квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө негиз болуучу анык эмес маалыматты берсе;

3) талаш-тартышты чечүүнүн сотко чейинки жол-жобосу сакталбаса;

4) макулдашуу боюнча адвокаты бар болсо;

5) анын кызыкчылыгында прокурор тарабынан сотко арыз берилген адамга карата.

4. Квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, андан кийин сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-28)
