# 26-берене. Квалификациялуу юридикалык жардамды токтотуу

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 26-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-26

---

1. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) алуучу квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн анык эмес маалымат берилгенде;

2) алуучунун квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун жокко чыгаруучу финансылык абалы өзгөргөндө;

3) алуучу квалификациялуу юридикалык жардамдан жазуу түрүндө баш тартканда;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адвокаттардын катышуусу милдеттүү болгон учурларды кошпогондо, алуучу адвокат менен кызматташуудан баш тартканда же ишти чечүү үчүн мааниге ээ маалыматты же документтерди берүүдөн баш тартканда;

5) макулдашуу боюнча адвокат болгондо.

2. Квалификациялуу юридикалык жардамды токтотуу жөнүндө чечим административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, андан кийин соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-27)
