# 25-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди токтотуп туруу жана адвокатты реестрден чыгаруу үчүн негиздер

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412#diff=1292526..3556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 25-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-25

---

1. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин колдонулушу ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтотулуп турушу мүмкүн:

1) адвокат жүйөлөнгөн арыз бергенде;

2) адвокатка карата сотко чейинки өндүрүш болгондо;

3) адвокат адвокаттык иш менен алектенүү лицензиясынын колдонулушун токтотуп турганда;

4) көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдын сапатына даттануу болгондо, мыйзамдардын талаптарын жана кесиптик этиканын ченемдерин сактабаганда.

2. Адвокат ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан төмөнкү учурларда реестрден чыгарылат:

1) адвокат арыз бергенде;

2) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим бузулганда;

3) адвокат адвокаттык ишти жүргүзүү укугунан ажыратылганда;

4) адвокат каза болгондо.

3. (КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-26)
