# 22-берене. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардамга жетүүнү жүзөгө ашыруу тартиби

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412#diff=1292526..3556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 22-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-22

---

1. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө арыз менен кайрылууга укуктуу.

2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча:

1) координатор квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө арыз алгандан кийин тез арада графикке ылайык, адвокаттын ишинин көлөмүн жана адистешкендигин эске алуу менен реестрге киргизилген адвокатты дайындайт;

2) кылмыш же укук бузуу жасоого шектелгендиги боюнча кармалган адамга кылмыш куугунтуктоо органы тарабынан иш жүзүндө кармалган учурдан тартып координатор түзгөн жана бекиткен, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын кезметинин графиги боюнча адвокат камсыздалат;

3) кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарда каралган учурларда тергөөчүнүн, прокурордун токтомунун жана соттун аныктамасынын негизинде реестрден адвокат камсыздалат.

3. Жарандык жана административдик сот өндүрүшүндө координатор квалификациялуу юридикалык жардам берүүгө арызды алгандан жана алуучунун статусун текшергенден кийин графикке ылайык, адвокаттын ишинин көлөмүн жана адистешкендигин эске алуу менен жарандык жана административдик сот өндүрүшүндөгү реестрден адвокатты дайындайт.

Жарандык процесстик мыйзамдарда каралган учурларда соттун аныктамасынын негизинде реестрден адвокат камсыздалат.

4. Координатордун адвокатты дайындоо жөнүндө чечими болмоюнча кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүндөгү жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча реестрге киргизилген адвокаттын катышуусуна жол берилбейт.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-23)
