22-берене. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардамга жетүүнү жүзөгө ашыруу тартиби
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 3-глава
1. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө арыз менен кайрылууга укуктуу.
2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча:
1) координатор квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө арыз алгандан кийин тез арада графикке ылайык, адвокаттын ишинин көлөмүн жана адистешкендигин эске алуу менен реестрге киргизилген адвокатты дайындайт;
2) кылмыш же укук бузуу жасоого шектелгендиги боюнча кармалган адамга кылмыш куугунтуктоо органы тарабынан иш жүзүндө кармалган учурдан тартып координатор түзгөн жана бекиткен, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын кезметинин графиги боюнча адвокат камсыздалат;
3) кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарда каралган учурларда тергөөчүнүн, прокурордун токтомунун жана соттун аныктамасынын негизинде реестрден адвокат камсыздалат.
3. Жарандык жана административдик сот өндүрүшүндө координатор квалификациялуу юридикалык жардам берүүгө арызды алгандан жана алуучунун статусун текшергенден кийин графикке ылайык, адвокаттын ишинин көлөмүн жана адистешкендигин эске алуу менен жарандык жана административдик сот өндүрүшүндөгү реестрден адвокатты дайындайт.
Жарандык процесстик мыйзамдарда каралган учурларда соттун аныктамасынын негизинде реестрден адвокат камсыздалат.
4. Координатордун адвокатты дайындоо жөнүндө чечими болмоюнча кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүндөгү жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча реестрге киргизилген адвокаттын катышуусуна жол берилбейт.
(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"Редакцияларды салыштыруу
27.02.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Кылмыш-жаза, алынып салынды: жарандык жана кошулду: жарандык, административдик сот өндүрүшүндө кошулду: жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардамга жетүүнү жүзөгө ашыруу тартиби
1. … бөлүмүнө арыз менен кайрылууга укуктуу.
2. Кылмыш-жаза сот алынып салынды: өндүрүшүндө:
кошулду: өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча:
1) координатор квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө арыз … адвокаттын ишинин көлөмүн жана адистешкендигин эске алуу менен алынып салынды: кылмыш-жаза сот өндүрүшүндөгү реестрге киргизилген адвокатты дайындайт;
2) кылмыш же укук бузуу … прокурордун токтомунун жана соттун аныктамасынын негизинде алынып салынды: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестринен кошулду: реестрден адвокат камсыздалат.
3. Жарандык жана административдик сот … административдик сот өндүрүшүндөгү реестрден адвокатты дайындайт.
кошулду: Жарандык процесстик мыйзамдарда каралган учурларда соттун аныктамасынын негизинде реестрден адвокат камсыздалат.
4. Координатордун адвокатты дайындоо жөнүндө чечими болмоюнча кылмыш-жаза, алынып салынды: жарандык жана кошулду: жарандык, административдик сот өндүрүшүндөгү кошулду: жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча реестрге киргизилген адвокаттын катышуусуна жол берилбейт.
кошулду: (КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112412/st-22" title="22-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>