# 21-берене. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттын ыйгарым укуктарын тариздөө

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412#diff=1292526..3556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 21-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-21

---

1. Адвокат кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча координатордун чечиминин жана ордердин негизинде квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.

2. Адвокат жарандык же административдик сот өндүрүшүндө координатордун чечиминин жана ордердин негизинде квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт. Квалификациялуу юридикалык жардам алуучу процесстик документтерге кол коет жана адвокат менен биргеликте соттук отурумдарга катышат.

3. Эгерде квалификациялуу юридикалык жардам алуучу жарандык же административдик сот өндүрүшүндө ден соолугунун абалы боюнча сот отурумдарына катыша албаган учурларда, адвокаттын ыйгарым укуктары алуучу берген, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат аркылуу таризделет.

4. Адвокат Ордерлерди берүү жана эсебин алуу тартибине ылайык ордерлердин эсебин жана чыгымын так отчеттуулуктагы бланктар сыяктуу эле жүргүзөт.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-22)
