# 20-берене. Квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүүгө катышкан адвокаттын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 20-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-20

---

1. Адвокат төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат алууга;

2) көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн мамлекеттик бюджеттен белгиленген тартипте жана мөөнөттө акы алууга;

3) ыйгарым укуктуу органга, ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө, сотко арыздар жана даттануулар менен кайрылууга;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга.

2. Адвокат бир эле иш боюнча көрсөткөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн мамлекеттик бюджетти копшогондо, башка булактардан акчалай сый акыга укугу жок.

3. Адвокат төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) квалификациялуу юридикалык жардамды өз учурунда көрсөтүүгө;

2) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапат стандарттарын сактоого;

3) купуялыкты сактоого;

4) алуучуга анын укуктары жана милдеттери, квалификациялуу юридикалык жардам алуунун шарттары жана тартиби жөнүндө толук маалымат берүүгө;

5) ага өткөрүп берилген иштин негизинде же ага байланыштуу аткарылган бардык аракеттердин жазуу жүзүндөгү далилдерин сактоого, адвокаттык досьени, регистрди жана адвокаттын отчетун жүргүзүү тартибине жана формасына ылайык адвокаттык досьени жана регистрди жүргүзүүгө;

6) адвокаттык досьени, регистрди жана адвокаттын отчетун жүргүзүүнүн тартибине жана формасына ылайык ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн координаторуна регистрди жана отчетту берүүгө.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-21)
