# 19-берене. Адвокат квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн субъекти катары

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412#diff=1292526..3556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 19-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-19

---

1. Адвокаттар ушул Мыйзамда, адвокаттык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.

2. Реестрге киргизилген адвокаттар кылмыш-жаза иштери, жарандык жана административдик иштер боюнча укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.

3. Адвокатты тандап алуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү тутумуна катышып жаткан адвокаттарды тандоо критерийлерине ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү адвокат менен квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө келишимди түзөт. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүүнүн сапат стандарттары келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.

Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапат стандарттары ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-20)
