19-берене. Адвокат квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн субъекти катары
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 3-глава
1. Адвокаттар ушул Мыйзамда, адвокаттык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.
2. Реестрге киргизилген адвокаттар кылмыш-жаза иштери, жарандык жана административдик иштер боюнча укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.
3. Адвокатты тандап алуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү тутумуна катышып жаткан адвокаттарды тандоо критерийлерине ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү адвокат менен квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө келишимди түзөт. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүүнүн сапат стандарттары келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапат стандарттары ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"Редакцияларды салыштыруу
27.02.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө келишимди түзөт. Кылмыш-жаза, алынып салынды: жарандык кошулду: жарандык, административдик иштер жана алынып салынды: административдик кошулду: укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүүнүн сапат стандарттары келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
кошулду: Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапат стандарттары ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112412/st-19" title="19-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>