# 17-берене. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алуучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412#diff=1292526..3556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 17-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-17

---

1. Алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) квалификациялуу юридикалык жардамды өз учурунда алууга;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте квалификациялуу юридикалык жардам берүү үчүн жооптуу адамдардын аракеттерине (аракетсиздигине), чечимине даттанууга;

3) квалификациялуу юридикалык жардам алуудан баш тартууга;

4) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдө купуялыкка.

2. Алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) квалификациялуу юридикалык жардамды берүүнүн шарттарына таасир этүүчү жагдайлардын өзгөрүшү жөнүндө өз учурунда билдирүүгө;

2) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө негиз болуучу ишенимдүү жана зарыл маалыматты өз учурунда берүүгө;

3) ушул Мыйзамга ылайык материалдык жана (же) социалдык абал жөнүндө берилген маалыматтардын анык эместиги аныкталган учурда, квалификациялуу юридикалык жардамды жүзөгө ашырууда пайда болгон чыгымдардын ордун толтурууга.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-18)
