# 14-берене. Жарандык сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2025 года № 133 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029596)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2025 [Закон КР от 8 июля 2025 года № 133 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029596); 27.02.2024 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412#diff=3556..34944>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 14-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-14

---

1. Жарандык сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет.

2. Квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:

1) эмгек акыны жана башка суммаларды эмгек акыны төлөө тартибинде өндүрүп алуу жөнүндө доолор жана эмгек укуктук мамилелеринен келип чыгуучу башка талаптар боюнча доогерлерге;

2) мертинүүдөн же ден соолугунун башка бузулушунун айынан, ошондой эле багуучусунун өлүмүнө байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча доогерлерге;

3) кылмыш же укук бузуу менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча доогерлерге;

4) никени бузуу тууралуу иштери боюнча тараптарга;

5) алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

6) балдардын жашаган жерин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

7) бала менен баарлашуу тартибин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

8) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

9) (КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамына ылайыккүчүн жоготту)

10) (КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды копшогондо, ушул берененин 2-бөлүгүндө 1-8-пункттарда көрсөтүлгөн доогерлерге же жоопкерлерге квалификациялуу юридикалык жардам алардын кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү минималдуу эмгек акысынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган шартта берилет. Кирешенин өлчөмү квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылганга чейинки 12 айлык мезгил үчүн эсептелет.

4. Квалификациялуу юридикалык жардам жарандык иштердин бардык категориялары боюнча, кирешеси эсепке алынбастан, доогерлер же жоопкерлер катары төмөнкүлөргө берилет:

1) I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга;

2) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга;

3) жашоонун оор кырдаалына дуушар болгон балдарга;

4) багуусунда баласы/балдары бар жалгыз бой адамдарга;

5) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;

6) мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерде жашап жаткан улгайган жарандарга;

7) жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жарандарга;

8) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга;

9) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иштер боюнча жарандарга;

10) психиатриялык стационарга мажбурлап жаткырылган адамдарга.

41. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине же камкорчуларына кирешеси эсепке алынбастан квалификациялуу юридикалык жардам берилет:

1) никени бузуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

2) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

3) алимент өндүрүү жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

4) балдардын жашаган жерин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

5) бала менен баарлашуу тартибин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

6) өз балдарын материалдык жактан багуу жана турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

7) уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү мектепке чейинки, жалпы билим берүү (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик (башталгыч, орто жана жогорку) билим берүү уюмдарында окуган өз балдарын багуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

8) туруктуу акчалай суммадагы кошумча чыгымдарды өндүрүү жөнүндө доолор боюнча тараптарга.

5. Доогердин статусун аныктаганга чейин жана квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алууга укугу бар жарандарга оозеки жана/же жазуу жүзүндө укуктук консультация берүү жүзөгө ашырылат жана алар үчүн арыздар, даттануулар, өтүнүчтөр жана процесстик мүнөздөгү башка документтер түзүлөт.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58, 2025-жылдын 8-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-131)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-15)
