# 131-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412#diff=1292526..3556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 131-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-131

---

1. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, качкындарга берилет.

2. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам кармалган учурдагы адамга, ошондой эле камакка алуу каралган укук бузууну жасаган шектелгендерге берилет.

3. Квалификациялуу юридикалык жардам камакка алуу каралган укук бузууну жасады деп шектелген адамга анын кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда ар жылдык белгиленүүчү минималдуу эмгек акысынан 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган шартта берилет. Квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылганга чейинки кирешенин өлчөмү 12 айлык мезгил үчүн эсептелет.

4. Адамдар кармалган учурларда квалификациялуу юридикалык жардам алардын кирешесин эсепке албастан берилет.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-13)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-14)
