13-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, качкындарга берилет.
2. Кылмыш-жаза иши боюнча квалификациялуу юридикалык жардам шектелгендерге, айыпталуучуларга, соттолгондорго, акталгандарга, жабырлануучуларга, он сегиз жашка чейинки курактагы күбөлөргө, ошондой эле укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдарга берилет.
3. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, шектелгенге, айыпталуучуга, соттолгонго, акталганга, жабырлануучуга квалификациялуу юридикалык жардам анын кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү минималдуу эмгек акысынан 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган шартта берилет. Кирешенин өлчөмү квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылганга чейинки 12 айлык мезгил үчүн эсептелет.
4. Квалификациялуу юридикалык жардам кирешени эсепке албастан төмөнкүлөргө берилет:
1) кармалган учурларда адамдарга;
2) өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендерге, айыпталгандарга, соттолгондорго, акталгандарга;
3) I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга;
4) психикалык оорудан жабыркаган адамдарга;
5) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга;
6) балдарга;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга;
8) баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой адамдарга;
9) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;
10) мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерде жашап жаткан улгайган жарандарга;
11) чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, качкындарга;
12) адамдарды сатуунун курмандыктарына;
13) кылмыш-жаза куугунтуктоо органдары тарабынан инсандыгы аныкталбаган адамдарга;
14) кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарда каралган башка учурларда.
5. Он сегиз жашка чейинки курактагы күбөлөргө, ошоңдой эле балдарга кылмыш-жаза иштери боюнча квалификациялуу юридикалык жардам балдар иштери боюнча адистешүүдөн өткөн адвокаттар тарабынан берилет.
(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"Редакцияларды салыштыруу
27.02.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшү чөйрөсүндө алынып салынды: жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү чөйрөсүндө алынып салынды: жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук Кыргыз Республикасынын … иштери боюнча адистешүүдөн өткөн адвокаттар тарабынан берилет.
кошулду: (КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112412/st-13" title="13-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>