# 12-берене. Консультациялык-укуктук жардам берүү тартиби

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412#diff=1292526..3556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 12-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-12

---

1. Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери адамдарга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте оозеки жана жазуу жүзүндө укуктук консультация берүү түрүндө консультациялык-укуктук жардам көрсөтүшөт.

2. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү консультациялык-укуктук жардамдын ушул Мыйзамдын 4-беренесинде каралган бардык түрлөрүн көрсөтөт.

3. Адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар тарабынан консультациялык-укуктук жардам берүү тартиби алар тарабынан өз алдынча аныкталат.

31. Көмөкчү юристтердин статусу, алардын реестрин жүргүзүү жана иш тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан

4. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана көмөкчү юристтер менен социалдык өнөктөштүк принциптеринде өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыра алат.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-13)
