# 10-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын катышуусу

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412#diff=1292526..3556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 10-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-10

---

1. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышат.

2. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы квалификациялуу юридикалык жардам берүүгө төмөнкүлөр аркылуу катышат:

1) адвокаттардын квалификациялуу юридикалык жардамынын сапат стандарттарын иштеп чыгуу;

2) адвокаттардын эмгек акысынын тарифтерин жана төлөө шарттарын иштеп чыгуу;

3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндөгү келишимдин формасын, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумуна катышуучу адвокаттарды тандоо критерийлерин, регистрди, адвокаттык досьени жүргүзүү тартибин жана формасын жана маалыматты сактоо мөөнөтүн иштеп чыгуу;

4) адвокаттардын ишине мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо методологиясын иштеп чыгууга катышуу;

5) адвокаттардын ишине мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышуу;

6) адвокаттардын квалификациясын жогорулатууну уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;

7) аймактык адвокатуралардын ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтүү;

8) калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө маалымат берүүгө катышуу;

9) адвокаттарды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумуна катышууга тартуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;

10) ушул Мыйзамга, адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка функцияларды аткаруу.

3. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы берилген квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына жана/же адвокаттардын Кесиптик этика кодексин бузгандыгы жөнүндө арыздарды жана даттанууларды карайт.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-11)
