# 1-берене. Жөнгө салуунун максаты, предмети жана колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112412/edition/1292526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112412/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 1-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-1

---

1. Ушул Мыйзамдын максаты сот адилеттигине жетүүгө адамдардын укуктарын ишке ашыруу, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыз кылуу жана алда канча натыйжалуу, адилеттүү, отчет берүүчү жана укуктун үстөмдүгүнө жана адамдын негизги укуктарын коргоого негизделген сот адилеттигин жүргүзүү тутумун түзүү болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүгө байланыштуу келип чыккан коомдук мамилелер болуп саналат.

3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга муктаж болгон качкындарга жайылтылат жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын уюштуруу-укуктук, социалдык-экономикалык, финансылык, маалыматтык, контролдук жана башка негиздерин аныктайт, ошондой эле мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү саясатты координациялоо жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн укуктук статусун жана ыйгарым укуктарын белгилейт.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112412/st-2)
