Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «2022-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы „COVID-19 кесепеттерине шашылыш чара керүү“ долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 1-августу № 72 2022-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "COVID-19 кесепеттерине шашылыш чара керүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. 2022-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "COVID-19 кесепеттерине шашылыш чара көрүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2022-жылдын 30-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 379-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2022 · № 379-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 430-VII "2022-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы…Постановление · 30.06.2022 · № 430