# Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 2-июлундаги № 60 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 2-июлундаги № 60 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112400>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3187/edition/1176437/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112400.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 2-июлундаги № 60 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (12.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112400

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-апрели № 70 Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112400/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 352-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Ушул Кодекстин 351-беренесинде каралган сот актысына кассациялык даттанууну (сунуштаманы) тараптар жана ишке катышуучу башка жактар, алардын өкүлдөрү, ошондой эле ишке катышууга тартылбаган, бирок укуктарына жана милдеттерине карата сот чечим кабыл алган жактар бериши мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112400/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 62 (3397) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2022-жылдын 2-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
