# КР 2022-жылдын 12-июлундагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 12-июлундагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112395>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3182/edition/1176414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2022-жылдын 12-июлундагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (12.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112395

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 12-июлу № 64 Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112395/st-1)

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 267-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"267-берене. Сот актыларын кайтадан ачылган жагдайлар же жаны жагдайлар боюнча кайра кароо

1. Биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча процесстин катышуучусунун арызынын (сунуштамасынын) негизинде кайра каралышы мүмкүн.

2. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча төмөнкүлөр кайра каралышы мүмкүн:

1) соттун чечими;

2) доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама;

3) иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама;

4) доону кароосуз калтыруу жөнүндө аныктама.";

2) 268-берененин 1-бөлүгүндө "маңызы боюнча чыгарылган," деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112395/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2022-жылдын 2-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
