# 7-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүдө инсандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо кепилдиктери

- Документ: [Контрчалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112390)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 58 "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112390/edition/1176433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112390/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Контрчалгындоо иши жөнүндө, 7-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-7

---

1. Мамлекет контрчалгындоо ишин жүргүзүүдө адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого кепилдик берет. Конституцияда жана ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт.

2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан анын укуктары жана эркиндиктери бузулду деп эсептеген адам көрсөтүлгөн органдардын жана кызмат адамдарынын иш-аракетине жогору турган органга, прокуратурага же сотко даттанууга укуктуу. Берилген даттануу жогору турган орган, прокуратура же сот тарабынан ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алынганга чейин даттанылган иш-аракетти токтотпойт.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, улуттук коопсуздук органдарынын иш процессинде алынган жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү же анын мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү жеке жашоосу жөнүндө маалыматтар анын макулдугусуз ачыкка чыгарылбашы керек.

4. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузууга жол берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-8)
