# 5-берене. Контрчалгындоо ишинин максаты жана милдеттери

- Документ: [Контрчалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112390)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 58 "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112390/edition/1176433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112390/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Контрчалгындоо иши жөнүндө, 5-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-5

---

1. Контрчалгындоо ишинин максаты - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттеринен коргоо болуп саналат.

2. Контрчалгындоо ишинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин, мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, экономикалык, илимий-техникалык жана коргонуу дараметин; мамлекеттик кайтаруудагы объекттерди; мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо;

2) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу;

3) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттери тууралуу маалыматты табуу;

4) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, стратегиялык объекттерди, юридикалык жана жеке жактарды контрчалгындоо жагынан камсыз кылуу;

5) мамлекеттик органдарга улуттук коопсуздук коркунучтарынын алдын алууга, жоюуга жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;

6) Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо;

7) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыз кылуу;

8) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын коопсуздугун камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-6)
