# 23-берене. Прокурордук көзөмөл

- Документ: [Контрчалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112390)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 58 "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112390/edition/1176433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112390/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Контрчалгындоо иши жөнүндө, 23-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-23

---

1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүдө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал тарабынан ыйгарым укук берилген областтардын жана Бишкек шаарынын прокурорлорунун статусунан төмөн эмес прокурорлор тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, ушул Мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтар прокурордук көзөмөл предметине кирбейт.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-24)
