# 22-берене. Ведомстволук контроль

- Документ: [Контрчалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112390)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 58 "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112390/edition/1176433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112390/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Контрчалгындоо иши жөнүндө, 22-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-22

---

1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери контрчалгындоо иш-чараларын уюштурууда жана өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси төмөнкүлөрдү контролдоону камсыз кылат:

1) контрчалгындоо ишин уюштурууну, тактикасын, формасын жана методдорун, тартылган күчтөрдү жана каражаттарды;

2) чет мамлекеттердин атайын кызматтары, коопсуздук органдары, укук коргоо органдары, эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташтыкты уюштурууну жана жүзөгө ашырууну;

3) жашыруундуулуктун жана конспирациянын камсыз кылынышын;

4) контрчалгындоо ишине бөлүнгөн финансы каражаттарынын сарпталышын.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-23)
