# 2-берене. Контрчалгындоо иши

- Документ: [Контрчалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112390)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 58 "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112390/edition/1176433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112390/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Контрчалгындоо иши жөнүндө, 2-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-2

---

Контрчалгындоо иши - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик иштин атайын түрү, ал ушул Мыйзам менен контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар жана (же) алардын бөлүмдөрү (мындан ары - контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар), ошондой эле көрсөтүлгөн органдардын жана алардын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары тарабынан өз компетенцияларынын чегинде, чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдардын, ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган чалгындоо-бүлүндүрүү жана башка иш-аракеттерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ачык же жашыруун жүзөгө ашырылуучу контрчалгындоо иш-чараларынын тутумун билдирет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-3)
