# 19-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдар

- Документ: [Контрчалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112390)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 58 "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112390/edition/1176433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112390/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Контрчалгындоо иши жөнүндө, 19-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-19

---

1. Адамдар алардын макулдугу менен контрчалгындоо иш-чараларын даярдоого же өткөрүүгө, алардын каалоосу боюнча контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүсүн купуя сактоо менен, акы төлөнүүчү же акысыз негизде, анын ичинде контракт боюнча тартылышы мүмкүн. Бул адамдар контрчалгындоо иш-чараларын даярдоонун же өткөрүүнүн жүрүшүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.

2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүгө алардын жарандыгына, улутуна, жынысына, мүлктүк, кызматтык жана социалдык абалына, билимине, коомдук бирикмелерге таандыктуулугуна, динге болгон мамилесине жана саясий көз карашына карабастан, жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жеке адамдар тартылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-20)
