# 16-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар

- Документ: [Контрчалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112390)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 58 "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112390#diff=55809..56715>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112390/edition/1176433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112390/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Контрчалгындоо иши жөнүндө, 16-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-16

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө төмөнкүлөргө укук берилет:

1) улуттук коопсуздук органдарына;

2) аскердик чалгындоо органына;

3) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга;

4) мамлекеттик күзөт органына.

2. Улуттук коопсуздук органдары ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүндө саналган контрчалгындоо иш-чараларынын бардык тизмегин колдонууга укуктуу.

3. Аскердик чалгындоо органдары ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-8, 15, 18-22-пункттарында көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.

4. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3, 5-12, 15, 18-22-пункттарында көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.

5. Ушул Мыйзам менен ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактардын маалыматты жашыруун алууга багытталган (иштелип чыккан, ылайыкталган, программаланган) атайын жана башка техникалык каражаттарды сактоосуна, пайдалануусуна тыюу салынат.

6. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын ыкчам бөлүмдөрү жаза-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза-аткаруу тутумунун кызматкерлери менен биргеликте контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүгө укуктуу.

7. Мамлекеттик күзөт органы ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1–3, 5, 7–9, 12–15, 18, 20, 22-пункттарында көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-17)
