16-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 133
1. Кыргыз Республикасынын аймагында контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө төмөнкүлөргө укук берилет:
1) улуттук коопсуздук органдарына;
2) аскердик чалгындоо органына;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга;
4) мамлекеттик күзөт органына.
2. Улуттук коопсуздук органдары ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүндө саналган контрчалгындоо иш-чараларынын бардык тизмегин колдонууга укуктуу.
3. Аскердик чалгындоо органдары ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-8, 15, 18-22-пункттарында көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.
4. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3, 5-12, 15, 18-22-пункттарында көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.
5. Ушул Мыйзам менен ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактардын маалыматты жашыруун алууга багытталган (иштелип чыккан, ылайыкталган, программаланган) атайын жана башка техникалык каражаттарды сактоосуна, пайдалануусуна тыюу салынат.
6. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын ыкчам бөлүмдөрү жаза-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза-аткаруу тутумунун кызматкерлери менен биргеликте контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүгө укуктуу.
7. Мамлекеттик күзөт органы ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1–3, 5, 7–9, 12–15, 18, 20, 22-пункттарында көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу алынып салынды: органга.
кошулду: органга;
4) мамлекеттик күзөт органына.
2. Улуттук коопсуздук органдары ушул Мыйзамдын 9-беренесинин … менен биргеликте контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүгө укуктуу.
кошулду: 7. Мамлекеттик күзөт органы ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1–3, 5, 7–9, 12–15, 18, 20, 22-пункттарында көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112390/st-16" title="16-берене - Контрчалгындоо иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>