# 12-берене. Контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү жөнүндө өтүнмөнү козгоо жана аны кароо тартиби

- Документ: [Контрчалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112390)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 58 "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112390/edition/1176433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112390/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Контрчалгындоо иши жөнүндө, 12-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-12

---

1. Ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү жөнүндө өтүнмө, мындай иш-чаралар өткөрүлүүчү жер боюнча же аларды өткөрүү жөнүндө өтүнмө берген органдын жайгашкан жери боюнча, өтүнмө келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен, прокурордун катышуусу менен, жабык сот жыйынында тергөө судьясы тарабынан каралууга тийиш.

2. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) өтүнмө түзүлгөн жерди жана убактысын;

2) өтүнмөнү киргизген кызмат адамынын кызмат ордун, аты-жөнүн;

3) контрчалгындоо иш-чарасын өткөрүү зарылдыгынын негиздемесин;

4) ага карата контрчалгындоо иш-чарасын өткөрүү пландалып жаткан адам, жер же предмет жөнүндө маалыматтарды;

5) өткөрүү зарыл болгон контрчалгындоо иш-чарасынын түрүн (түрлөрүн), максатын, ошондой эле аны (аларды) өткөрүү мөөнөтүнүн негиздемесин көрсөтүүнү;

6) контрчалгындоо иш-чарасынын өндүрүшүн тапшыруу пландалып жаткан орган жөнүндө маалыматты;

Өтүнмөгө өтүнмөнүн негиздүүлүгүн ырастоочу материалдар тиркелет.

3. Ага карата контрчалгындоо иш-чарасы өткөрүлүп жаткан объектинин ачыкталышын болтурбоо зарылдыгы келип чыккан учурларда, өтүнмөдө конспирациянын талаптарын сактоо менен ошол адамдын чыныгы анкеталык маалыматынын ордуна каймана атын көрсөтүүгө жол берилет.

4. Ыкчам кызыкчылыктагы объектинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар, ыйгарым укуктуу органдардын жашыруун кызматкерлери жана аларга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү адамдар тууралуу, контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнү уюштуруу, пландары, тактикасы, усулдары, жыйынтыктары, каржылануусу, күчтөрү жана каражаттары жөнүндө маалыматтарды кошпогондо, тергөө судьясынын талабы боюнча контрчалгындоо иш-чарасын өткөрүүгө тиешелүү башка материалдар да берилиши мүмкүн.

5. Өтүнмөнү кароонун жыйынтыктары боюнча тергөө судьясы контрчалгындоо иш-чарасын өткөрүүгө уруксат берүү жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.

6. Тергөө судьясы чыгарган токтомдун колдонуу мөөнөтү 6 айдан ашпоого тийиш.

Зарыл учурда, кайрадан берилген материалдардын негизинде тергөө судьясы токтомдун колдонулуу мөөнөтүн бир жылга чейин узартууга укуктуу.

7. Өзгөчө учурларда контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин өтүнмөсү боюнча тергөө судьясы Башкы прокурордун макулдугу менен токтомдун колдонуу мөөнөтүн бир жылдан ашык мөөнөткө узартууга укуктуу.

8. Тергөө судьясынын контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартуусу даттанууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112390/st-13)
