10-берене. Контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү үчүн негиздер
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 июля 2026 года № 101
Контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдардын, ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган чалгындоо жана башка иштеринин белгилери жөнүндө маалыматтардын болушу;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү окуялар жана иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды алуунун, ошондой эле улуттук коопсуздукка коркунучтардын жаралышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоонун зарылдыгы;
3) мамлекеттик кайтаруудагы объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы;
4) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, стратегиялык объекттерди, аскердик түзүлүштөрдү, юридикалык жана жеке жактарды контрчалгындык камсыз кылуу зарылдыгы;
5) маалымат коопсуздугу, социалдык-экономикалык жана финансы-кредит тутумунун, коргонуу комплекстеринин, энергетика, транспорт жана байланыш объекттеринин, ошондой эле артыкчылыктуу илимий иштелмелердин коопсуздугу чөйрөсүндө контрчалгындык камсыз кылуу зарылдыгы;
6) иштөөсү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан берүүчү радиоэлектрондук каражаттардын радионурлануусун, ошондой эле чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерине телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу боюнча иш-аракеттерди аныктоо зарылдыгы;
7) мамлекеттик сырларды коргоо зарылдыгы;
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына уруксат берүү үчүн жол-жоболошуучу (кайрадан жол-жоболошуучу) адамдарды текшерүү зарылдыгы;
9) Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо зарылдыгы;
10) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыз кылуу зарылдыгы;
11) контрчалгындоо ишине катышууга уруксаттын же аны жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган материалдарга жеткиликтүүлүктүн зарылдыгы;
12) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү же көрсөткөн адамдарды иликтөө (текшерүү) зарылдыгы;
13) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын өздүк коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, укук коргоо органдарынын жана башка уюмдарынын, эл аралык жана башка уюмдардын суроо-талаптары.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 2 июля 2026 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
02.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…радионурлануусун, ошондой эле чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерине алынып салынды: байланыш тарамдарын кошулду: телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу боюнча иш-аракеттерди аныктоо зарылдыгы;
7) мамлекеттик … башка уюмдарынын, эл аралык жана башка уюмдардын суроо-талаптары.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112390/st-10" title="10-берене - Контрчалгындоо иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>