# 9-берене. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 9-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-9

---

1. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - аткаруу бийлигинин Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу, өз компетенциясынын чегинде ушул максаттарда тармактар аралык жөнгө салууну, башкарууну жана координациялоону жөнгө салуучу борбордук мамлекеттик органы.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган улуттук коопсуздук органдарынын ишинин негизги багыттары боюнча иш жүргүзөт, өзүнө баш ийген улуттук коопсуздук органдарынын ишин жетектөөнү, координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат, мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын органдары (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча) юридикалык жактар болуп саналат, анык жана шарттуу аталышка, тиешелүү мөөрлөргө, штамптарга, банк мекемелеринде эсептерге, анын ичинде валюталык эсептерге, негизги фонддорго ээ.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-10)
