9-берене. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - аткаруу бийлигинин Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу, өз компетенциясынын чегинде ушул максаттарда тармактар аралык жөнгө салууну, башкарууну жана координациялоону жөнгө салуучу борбордук мамлекеттик органы.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган улуттук коопсуздук органдарынын ишинин негизги багыттары боюнча иш жүргүзөт, өзүнө баш ийген улуттук коопсуздук органдарынын ишин жетектөөнү, координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат, мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын органдары (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча) юридикалык жактар болуп саналат, анык жана шарттуу аталышка, тиешелүү мөөрлөргө, штамптарга, банк мекемелеринде эсептерге, анын ичинде валюталык эсептерге, негизги фонддорго ээ.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>