# 8-берене. Улуттук коопсуздук органдар тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389#diff=40023..56725>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 8-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү тутумун улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ага баш ийген аймактык органдар, аскердик контрчалгындоо органдары түзөт.

2. Улуттук коопсуздук органдары өз карамагында аскердик бөлүктөргө, атайын багыттагы бөлүмдөргө, билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарына, илим-изилдөө мекемелерине, социалдык-маданий багыттагы объекттерге, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ишин камсыз кылууга арналган башка уюмдарга жана бөлүмдөргө ээ болот.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-9)
