# 7-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын башка мамлекеттик органдар, башка уюмдар жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 7-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-7

---

1. Улуттук коопсуздук органдары мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аскердик түзүлүштөр, ошондой эле менчигинин формасына карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенет.

2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчигинин формасына карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар улуттук коопсуздук органдарынын алдына коюлган милдеттерди чечүүдө аларга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Улуттук коопсуздук органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө белгилүү болуп калган, мыйзам менен корголгон маалыматтарды ачык жарыялаганы үчүн мамлекеттик органдардын жана көрсөтүлгөн уюмдардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандары өз жарандык милдетин аткаруу менен улуттук коопсуздукту камсыз кылууга ыктыярдуу негизде көмөк көрсөтөт.

4. Жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн улуттук коопсуздук органдары чет мамлекеттердин атайын кызматтары, коопсуздук органдары, укук коргоо органдары жана башка уюмдар менен, ошондой эле эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде өз ара аракеттенет.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-8)
