7-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын башка мамлекеттик органдар, башка уюмдар жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
1. Улуттук коопсуздук органдары мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аскердик түзүлүштөр, ошондой эле менчигинин формасына карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенет.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчигинин формасына карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар улуттук коопсуздук органдарынын алдына коюлган милдеттерди чечүүдө аларга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Улуттук коопсуздук органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө белгилүү болуп калган, мыйзам менен корголгон маалыматтарды ачык жарыялаганы үчүн мамлекеттик органдардын жана көрсөтүлгөн уюмдардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандары өз жарандык милдетин аткаруу менен улуттук коопсуздукту камсыз кылууга ыктыярдуу негизде көмөк көрсөтөт.
4. Жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн улуттук коопсуздук органдары чет мамлекеттердин атайын кызматтары, коопсуздук органдары, укук коргоо органдары жана башка уюмдар менен, ошондой эле эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде өз ара аракеттенет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>