# 44-берене. Куралдуу кызматкердин жеке коопсуздугуна кепилдик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 44-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-44

---

1. Эгерде түзүлгөн кырдаалда ушул Мыйзамда белгиленген тартипте курал колдонуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбаса, кызматкер жеке коопсуздугун камсыз кылуу максатында куралды ачып, даярдап коюуга укуктуу.

2. Куралын ачып, даярдап койгон кызматкерге, ал белгилеген аралыктан кандай болбосун адамдын жакындоо аракети, ошондой эле кызматкер тарабынан өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч катары кабыл алынышы мүмкүн болгон башка аракеттер ага курал колдонуу укугун берет.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-45)
