# 43-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери жеке же болбосо бөлүмдүн (топтун) курамында кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу фактысы боюнча билдирүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 43-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-43

---

1. Кызматкер же бөлүмдүн (топтун) жетекчиси куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуусунун ар бир учуру жөнүндө, ошондой эле кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды колдонуунун натыйжасында жарандын же башка адамдын ден соолугуна залал же материалдык зыян келтирилген ар бир учур жөнүндө түздөн-түз начальнигине же аларды колдонуу орду боюнча жетекчиге тиешелүү рапорт берүүгө айкын мүмкүнчүлүк пайда болгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Кызматкер кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуунун натыйжасында жарандын же башка адамдын өлүмүнө же жаракат алуусуна алып келген ар бир факт боюнча улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу жетекчиси 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго билдирет.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-44)
