# 4-берене. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 4-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-4

---

1. Мамлекет улуттук коопсуздук органдары өз ишин жүзөгө ашырууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоону кепилдейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт.

2. Улуттук коопсуздук органдары же болбосо алардын кызмат адамдары өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин бузду деп эсептеген адам, алардын иш-аракеттерине улуттук коопсуздуктун жогору турган органдарына, прокуратурага жана сотко даттанууга укуктуу.

3. Улуттук коопсуздук органдарынын иш процессинде алынган, жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын козгогон же анын мыйзамдуу кызыкчылыгына зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон жеке турмушу жөнүндө маалыматтар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, анын макулдугусуз ачык жарыяланышы мүмкүн эмес.

4. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин бузган учурда улуттук коопсуздуктун тийиштүү органы бул укуктарды жана эркиндиктерди калыбына келтирүү, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-5)
