4-берене. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун кепилдиктери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
1. Мамлекет улуттук коопсуздук органдары өз ишин жүзөгө ашырууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоону кепилдейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт.
2. Улуттук коопсуздук органдары же болбосо алардын кызмат адамдары өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин бузду деп эсептеген адам, алардын иш-аракеттерине улуттук коопсуздуктун жогору турган органдарына, прокуратурага жана сотко даттанууга укуктуу.
3. Улуттук коопсуздук органдарынын иш процессинде алынган, жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын козгогон же анын мыйзамдуу кызыкчылыгына зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон жеке турмушу жөнүндө маалыматтар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, анын макулдугусуз ачык жарыяланышы мүмкүн эмес.
4. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин бузган учурда улуттук коопсуздуктун тийиштүү органы бул укуктарды жана эркиндиктерди калыбына келтирүү, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 14.07.2008 · № 143
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>