# 39-берене. Кара күч менен таасир этүү чараларын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 39-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-39

---

1. Кызматкерлер кара күч менен таасир этүү чараларын (анын ичинде күрөшүүнүн күжүрмөн ыкмаларын, колунда болгон каражаттарды) төмөнкү учурларда колдонот:

1) кылмыштарга жана башка укук бузууларга бөгөт коюу үчүн;

2) кылмыш жасаган жана башка укук бузган адамдарды, ошондой эле кылмыш жасады жана башка укук бузду деп шектелген адамдарды кармоо жана аларды улуттук коопсуздук органдарынын, башка мамлекеттик органдардын кызматтык жайларына жеткирүү үчүн;

3) өзүн коргоо үчүн;

4) кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына каршылык көрсөтүү иш-аракетин басуу үчүн.

2. Кызматкерлер ушул Мыйзамда атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонууга уруксат берилген бардык учурларда кара күч менен таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-40)
