# 38-берене. Кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуунун укук ченемдүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 38-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-38

---

1. Эгерде кара күч менен таасир этүү чаралары, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу ушул Мыйзамда белгиленген тартипти жана шарттарды сактоо менен жүзөгө ашырылган болсо, алардын натыйжасында жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыян үчүн кызматкер жоопкерчилик тартпайт.

Терроризмге каршы операцияны жүргүзүүдө, ошондой эле уюмдардын, топтордун жана айрым адамдардын террористтик ишине бөгөт коюу боюнча атайын иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууда терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлер терроризмге каршы операцияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүдө келтирилген зыян үчүн же террористти жок кылуу жөнүндө чечимди кабыл алганы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Мында үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын орду мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулат.

2. Кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-39)
