# 37-берене. Кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу тартиби жана шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 37-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-37

---

1. Аларды колдонууну кечиктирүү жарандардын, кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч түзүүчү же болбосо башка оор кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуунун алдында өзүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарууга жетиштүү убакыт берүү менен аларды пайдалануу ниети тууралуу эскертүүгө тийиш.

Бөлүмдүн (топтун) курамында көрсөтүлгөн чаралар колдонулган учурда бөлүмгө (топко) кирген кызматкерлердин бири эскертүү жасайт.

2. Кызматкерлер капилет же куралдуу кол салынганда, аскердик техниканы, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды пайдалануу менен кол салынганда, камактан курал менен, транспорт каражатын пайдалануу менен качканда, камактагы адамдар алар жүрүп баратканда транспорт каражаттарынан качканда, улуттук коопсуздук органдарынын объекттерине, атайын жүгүнө жана транспорт каражатына кол салуунун мизин майтарууда, ошондой эле барымтага алынгандарды бошотууда куралды эскертүүсүз колдоно алат.

3. Кызматкер кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскер техникасын жана куралдын башка түрлөрүн колдонууда түзүлгөн кырдаалды, кара күч менен таасир этүү чарасы, атайын каражаттар, курал, аскердик техника жана куралдын башка түрлөрү колдонулган адамдардын кооптуу иш-аракетинин мүнөзүн жана даражасын, алар каршылык көрсөткөн аракеттин мүнөзүн жана күчүн эске алуу менен аракеттенет. Мында кызматкер кандай болбосун зыянды азайтууга умтулууга милдеттүү.

4. Кызматкер кара күч менен таасир этүү чарасын, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуунун натыйжасында денесинен жаракат алган жаранга жана башка адамга биринчи жардам көрсөтүүгө, ошондой эле аларга мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде медициналык жардам берүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

5. Кызматкерлер атайын даярдыктан өтүүгө, ошондой эле кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу менен байланышкан шарттарда иштөөгө кесиптик жарактуулугун мезгили менен текшерүүдөн (кайра даярдоодон) өтүүгө милдеттүү.

Кызматкерлердин атайын даярдык программасынын мазмуну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актылары менен аныкталат.

6. Улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын, куралдын, аскердик техниканын жана куралдын башка түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Куралдын башка түрлөрүн колдонуу тартиби жана шарттары аскердик куралды колдонуу сыяктуу эле аныкталат.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-38)
