# 36-берене. Кызматкерлердин кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 36-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-36

---

1. Кызматкерлер жеке өздөрү же бөлүмдүн (топтун) курамында алдына коюлган милдеттерди чечүүдө ушул бөлүмдүн жетекчисинин (топтун улуусунун) буйруктарын жана тескемелерин жетекчиликке алып, кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте колдонууга укуктуу.

2. Эгерде зомбулуксуз ыкмалар аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттеринин аткарылышын камсыз кылбаса, кара күч менен таасир этүү чаралары, атайын каражаттар, курал, аскердик техника жана куралдын башка түрлөрү, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук коркунучтарынын, коомдук кооптуу жосундардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо жана жеткирүү, өзүн коргоо, кызматкерлердин мыйзамдуу талабына каршылык көрсөтүүгө бөгөт коюу максатында ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда колдонулат.

3. Кызматкерлерде зарыл атайын каражаттар, курал, аскердик техника жана куралдын башка түрлөрү жок болгондо аларды ушул Мыйзамда белгиленген тартипти сактоо менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн колдо болгон кандай болбосун каражаттарды жана ушул органдын куралдануусунда турбаган башка куралды колдонууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-37)
