# 34-берене. Улуттук коопсуздук органдарын маалыматтык камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389#diff=40023..56725>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 34-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-34

---

1. Улуттук коопсуздук органдарын маалыматтык камсыз кылуу алардын алдына коюлган милдетти аткаруу үчүн зарыл маалыматтык инфратүзүм объекттерин, байланыш жана маалымат берүү тутумдарын, маалыматты коргоо каражаттарын, анын ичинде криптографиялык коргоо каражаттарын лицензиясыз иштеп чыгуу, түзүү, пайдалануу жана эксплуатациялоо аркылуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын, менчигинин формасына карабастан юридикалык жана жеке жактардын, аскердик түзүлүштөрдүн жана коомдук бирикмелердин маалыматтык инфратүзүм объекттерин жана маалымат базаларын кайтарымсыз негизде пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыктарын козгоочу жасалган укук бузуулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын, айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган иши жөнүндө маалыматты эсепке алуу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Эскертүүсү: Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүгүндөгү мамлекеттик тилдеги өзгөртүүлөр, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык киргизилген

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-35)
